
Жарыяланган
2026-25-03, 15:44Нарын облусунун Казан-Куйган айылында социалдык дүкөн ачуу долбоору ишке ашырылары күтүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Министр Эрлист Акунбеков аталган демилге менен жеринен таанышты.
Долбоордун максаты — айыл чарба продукцияларын түздөн-түз дыйкандардан алып, калкка жеткирүү аркылуу ортомчуларды азайтуу жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо.
Ошондой эле социалдык дүкөн аз камсыз болгон жарандарды жана мекемелерди жеткиликтүү баада азык-түлүк менен камсыз кылып, баалардын туруктуулугун камсыздоого багытталат.



