Akchabarsearch
Салык кызматы электрондук эсеп-фактураны жасалмалагандарга укуктук баа берилерин эскертти

Жарыяланган

2026-27-01, 11:15

Салык кызматы электрондук эсеп-фактураны жасалмалагандарга укуктук баа берилерин эскертти

Салык кызматы иш жүзүндөгү чарбалык операциясы жок электрондук эсеп фактураны тариздөө фактыларын аныктап жатат. Бул тууралуу аталган кызматтан билдирди.

Маалыматка ылайык, айрым салык төлөөчүлөр салыктык эсепке алуу маалыматтарын атайылап бурмалап, жалган электрондук эсеп-фактурасын тариздөө жолу менен жасалма чыгымдарды түзүп, салыктык милдеттенмелерди мыйзамсыз түрдө азайтууга аракет кылышууда.

Мындай аракеттер салык мыйзамдарынын түздөн-түз бузуу болуп саналат жана мыйзамдарда каралган жоопкерчилик чараларына алып келет.

Электрондук эсеп-фактураларды тариздөө реалдуу чарбалык операциялар жана товарлардын, иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн иш жүзүндөгү кыймылы тастыкталган учурда гана жол берилет.

Мамлекеттик салык кызматы мындай салык төлөөчүлөрдү мыйзамга каршы аракеттерди токтотууга жана ак ниет ишкердик ишмердүүлүктү жүргүзүүгө чакырат. Анткени мыйзамдарда каралган санкциялар жана жоопкерчилик чаралары сөзсүз колдонулат жана ал жетишерлик деңгээлде абдан катуу мүнөзгө ээ. 


Тектеш материалды окуу