Akchabarsearch
Салык кызматы жеке ишкерлерди онлайн кайра каттоо кызматын ишке киргизди

Жарыяланган

2025-16-12, 15:51

Салык кызматы жеке ишкерлерди онлайн кайра каттоо кызматын ишке киргизди

Мамлекеттик салык кызматы жеке ишкерлерди онлайн кайра каттоо кызматын ишке киргизди. Эми жеке ишкерлер cabinet.salyk.kg сайты аркылуу кайра каттоо боюнча арызды онлайн тапшыра алышат. Бул тууралуу аталган кызмат билдирди.

Жаңы сервис юридикалык даректи жана салыктык каттоо районун өзгөртүүгө, салык режимин жана реквизиттерин жаңылоого, ошондой эле ишмердүүлүктүн жаңы түрлөрүн кошууга мүмкүнчүлүк берет. Бул үчүн салык органдарына баруунун зарылдыгы жок.

Арызды кароо мөөнөтү мурда эки-үч жумушчу күн болсо, эми болгону 5–10 мүнөттү гана талап кылат. Кызмат күнү-түнү 24/7 режиминде иштейт жана кайсы жерден болбосун жеткиликтүү.

 


Тектеш материалды окуу