Akchabarsearch
Сокулукта ишкерлерге айып салган текшерүүчүлөрдүн өзү айыпка жыгылды

Жарыяланган

2026-26-01, 17:57

Сокулукта ишкерлерге айып салган текшерүүчүлөрдүн өзү айыпка жыгылды

Чүйдүн Сокулук районунда Район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлерине айып салынды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалым болгондой, аталган борбордун айрым кызматкерлери ишкерлерди пландуу текшерүү жүргүзүп, табылган кемчиликтер үчүн жазуу түрүндө эскертүү жана андан кийинки контролдук текшерүү жүргүзүүнүн ордуна айыппул салган. 

Ага байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун 3 кызматкерине Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 436-беренеси боюнча иш козголуп, сот тарабынан ар бирине 15 миң сомдон айып салынган.  Дагы 7 кызматкер тартиптик жазага тартылган. 

Ошондой эле ишкерлерге салынган айыптар жокко чыгарылган.


Тектеш материалды окуу