Akchabarsearch
Депутат жаш “баатыр энелерге” ай сайын жөлөкпул төлөөнү сунуштады

Жарыяланган

2026-23-02, 17:59

Депутат жаш “баатыр энелерге” ай сайын жөлөкпул төлөөнү сунуштады

Депутат Болот Сагынаев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган, 7 же андан көп бала төрөгөн жаш “баатыр энелерге” ай сайын жөлөкпул төлөө маселесин көтөрдү.

Сагынаевдин айтымында, ага шайлоочулар, анын ичинде Баатыр энелер коомунун төрайымы жаш “баатыр энелерге” жөлөкпул берүү маселеси боюнча кат жолдогон.

Алар катында, пенсия алган “баатыр энелерге” пенсиясына кошумча 1 миң сомдон берилери, ал эми пенсия алууга укугу жок “баатыр энелерге” 3 миң сомдон жөлөкпул төлөнөрүн айтып, бирок пенсия курагына жете элек жаш “баатыр энелерге” мамлекет тараптан каржылык колдоо жок экенин белгилешкен. 

Жыйынга катышкан социалдык камсыздоо министринин орун басары Камчыбек Досматов суроого жооп берип жатып, быйыл Кыргызстанда бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын аймактарда жашап, беш жана андан көп бала төрөгөн аялдар үчүн “бала береке” төлөмү киргизилгенин, ал 2027-жылдан тарта төлөнө турганын билдирди. 

Сагынаев бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган, пенсия курагына жете элек, 7 же андан көп баласы бар жаш “баатыр энелерге” ай сайын жөлөкпул же кенемте төлөмүн төлөөнү сунуштады. Ошондой эле аларга билим берүү, медицина жана социалдык кызмат тармактарында жеңилдиктерди берүү сунушун айтты. 

“Баатыр эне” балдарын үйдө карап отурган бардык жылын эмгек стажы катары эсепке алуу керектигин белгиледи.   

Эскерте кетсек, “Баатыр эне” ордени жети жана андан көп баласы бар аялдарга берилет.


Тектеш материалды окуу