
Жарыяланган
2025-14-04, 12:45Маркум пенсионерди жерге берүү үчүн жөлөкпул анын жакындарына берилет. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев парламенттеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жөлөкпулду маркумдун аял же балдарына берилет.
"Маркумдун аялыже балдары жок болсо, ата-энеси же бир туугандары ала алат", - деди ал.
Белгилей кетсек, маркум пенсионердик жерге берүү үчүн жөлөкпулдун өлчөмү 30 миң сомду түзөт.


