Жарыяланган
2024-26-09, 09:48Сокулук районундагы "Эдельвейс" балдар эс алуу лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, аталган лагерди 2004-жылы жеке жактар менчиктештирип, бир нече жолу ар кандай адамдарга кайра сатканы аныкталган. Натыйжада ден соолукту чыңдоочу балдар лагери ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди.
Объекттин наркы 320 млн 651 миң сомго бааланат.


