Akchabarsearch
    Дыйкандарга солярка 65 сомдон сатылууда

    Жарыяланган

    2025-12-05, 15:04

    Дыйкандарга солярка 65 сомдон сатылууда

    Быйылкы жазгы талаа иштерине карата дыйкандар үчүн арзан баада 5 млн 999,7 миң литр солярка каралып, анын 4 млн 724.8 миң литри берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

    Маалыматка ылайык, дыйкандар үчүн солярка Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу 65 сомдон сатылууда. 

    Учурда кампаларда дагы 1 млн 274.9 миң литр солярка бар. 

    Анын ичинен: 

    • Чүй облусунда – 123 миң 30 литр бар.  
    • Жалал-Абад облусунда – 163 миң 900 литр калды.  
    • Талас облусунда – 188 миң 600 литр бар.   
    • Ош облусунда – 157 миң 700 литр турат. 
    • Баткен облусунда – 173 миң 700 литр калды. 
    • Ысык-Көл облусунда – 125 миң 600 литр бар. 
    • Нарын облусунда – 133 миң 800 литр калган.      

    Тектеш материалды окуу