Akchabarsearch
Дыйкандарга жеңилдетилген насыя алууга электрондук кезек системасы ишке кирди

Жарыяланган

2026-26-05, 09:09

Дыйкандарга жеңилдетилген насыя алууга электрондук кезек системасы ишке кирди

Айыл чарба министрлиги дыйкандар үчүн жеңилдетилген насыя алууну жеңилдеткен жаңы электрондук системаны ишке киргизди. 

Маалыматка ылайык, министрлик АБанк жана Элдик Банк менен биргеликте жеңилдетилген насыяларга электрондук кезек системасын иштеп чыкты.

2026-жылдын 1-июнунан тартып банктарда арыздарды кол менен кабыл алуу жана каттоо толугу менен токтотулат. Эми дыйкандар насыя алуу үчүн арызды министрликтин «iDyikan» санариптик платформасы аркылуу онлайн бере алышат.

Жаңы система аркылуу колдонуучулар:

•    онлайн каттоодон өтөт; 
•    жеңилдетилген насыяга арыз берет; 
•    электрондук кезекке турат; 
•    арызынын жүрүшүн онлайн көзөмөлдөй алат. 

Министрлик бул система мамлекеттик каражаттарды бөлүштүрүүнү ачык жана ыңгайлуу кылууга жардам берерин белгиледи.

Ошондой эле келечекте «iDyikan» мобилдик тиркемесин ишке киргизүү пландалууда. Бул дыйкандарга кызматтарды телефон аркылуу дагы оңой пайдаланууга шарт түзөт.

iDyikan платформасы. https://idyikan.agro.gov.kg/

 


Тектеш материалды окуу