Akchabarsearch
Экологиялык жылытуу системаларын сатып алууга 6%дык чен менен жеңилдетилген насыя берилет

Жарыяланган

2026-08-07, 16:17

Экологиялык жылытуу системаларын сатып алууга 6%дык чен менен жеңилдетилген насыя берилет

Бишкек шаарынын, ошондой эле Аламүдүн жана Сокулук райондорунун тургундары үчүн экологиялык таза жылытуу системаларын сатып алууга берилүүчү жеңилдетилген насыянын пайыздык чени жылдык 6%га чейин төмөндөтүлдү.

Бул чара Жаратылыш министрлиги менен Каржы министрлиги ишке ашырып жаткан «Абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында каралган.

Жаңы шарттарга ылайык, жарандар 1 млн сомго чейин насыяны 5 жылга чейин алып, аны жылуулук насосторун, электр казандарын, күн панелдерин, инфракызыл жылыткычтарды жана башка экологиялык таза жабдууларды сатып алууга жумшай алышат.

Ал эми жабдуу жеткирүүчүлөр 5 млн сомго чейин насыяны 10%дык чен менен 5 жылга ала алышат.

Насыяны "А-Банк", "Элдик Банк" жана "БАКАЙ БАНК" аркылуу алууга болот.

Бул долбоордун негизги максаты — абанын булганышын азайтып, экологиялык абалды жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу.
 


Тектеш материалды окуу