Жарыяланган
2025-04-01, 10:202024-жылы дивиденддер мамлекеттик мүлктү башкаруудан түшкөн кирешенин негизги булагы болуп калды. 2020-жылга салыштырмалуу дивиденддердин түшүүсү дээрлик 10 эсеге – 2 миллиард 176 миллион сомдон 21 миллиард 376,4 миллион сомго чейин өстү.
Кирешенин негизги булагы беш ири акционердик коом болгон. Алардын ичинен 11 миллиард 385 миллион сом которгон “Кыргызалтын” ААК лидер болууда. Андан кийин “Айыл Банк” ААК (5,4 млрд сом) жана “Элдик Банк” ААК (2,5 млрд сом) турат.
“Манас” эл аралык аэропорту” ААК жана “Кыргызнефтегаз” ААК да чоң салым кошушкан – тиешелүүлүгүнө жараша 1 миллиард 13 миллион жана 620,8 миллион сом.