Akchabarsearch
    Дүйнө чемпионатында коло уткан суучул Денис Петрашовго 500 миң сом акчалай сыйлык берилди

    Жарыяланган

    2025-12-08, 16:34

    Дүйнө чемпионатында коло уткан суучул Денис Петрашовго 500 миң сом акчалай сыйлык берилди

    Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль уткан суучул Денис Петрашов, анын атасы жана машыктыруучусу Евгений Петрашов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

    Касымалиев Денис Петрашовду дүйнө чемпионатында коло медаль жеңиши менен куттуктап, бул тарыхый жеңиш экенин белгилеген. 

    "Бул жеңиш ата менен баланын биргелешкен аракети менен жасалды", - деди ал. 

    Ал мамлекет мындан ары да спортчуларды колдоп, мелдештерге даярдык көрүүгө жана мыкты жыйынтыктарга жетүүгө шарт түзөрүн айткан. 

    Жолугушуунун соңунда ал Денис Петрашовго 500 миң сом, атасы жана машыктыруучусу Евгений Петрашовго 250 миң сомдук акчалай сыйлыктын сертификатын тапшырган.

    Эскерте кетсек, Денис Петрашов жакында эле Сингапурдагы дүйнө чемпионатында брасс стилиндеги 100 метрлик жарышта коло уткан. Бул жетишкендиги менен Денис Петрашов Кыргызстандын тарыхында сууда сүзүү боюнча дүйнө биринчилигинде байге алган биринчи кыргызстандык суучул болуп калды. 


    Тектеш материалды окуу