
Жарыяланган
2026-20-04, 15:19ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн Кыргызстанга товар алып кирүүдө бир жыл ичинде үч жолу мыйзам бузуу аныкталса, ишкерлерге импорт жүргүзүүгө 1 жылга чейин чектөө киргизилет. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай учурда ЕАЭБден товар импорттоо үчүн берилген салыктык каттоо күбөлүгү бир жылга жокко чыгарылат.
Бул чаралар айып пул салуу тууралуу токтомдор мыйзамдуу күчүнө кирген учурларда колдонулат.
Ошондой эле мыйзам бузгандарга айып пул салынат. Биринчи жолу эреже бузса, жеке жактар 20 миң сом, юридикалык жактар 65 миң сом төлөйт. Эгер мыйзам бузуу кайталанса, айып пул жеке жактар үчүн 40 миң сомго, ал эми компаниялар үчүн 100 миң сомго чейин жетет.
Айрым учурларда товарлар жана транспорт каражаттары конфискацияланышы мүмкүн.
Импорттоочулар товарларды алып кирүүдө мыйзам талаптарын так сактоого, коштомо документтерди туура тариздөөгө жана мыйзам бузууларды өз убагында жоюп, алардын кайталанышына жол бербөөгө милдеттүү.



