Жарыяланган
2025-17-07, 15:0016-июлда Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов бизнес-коомчулук менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга самын жана жуучу каражаттар, жашылча жана мөмө-жемиш, бал жана башка тармактарда иш алып барган ишкерлердин, өндүрүш компанияларынын жана экспортчулардын өкүлдөрү катышты.
Ата мекендик өндүрүштү колдоо талкуунун негизги темасы болду. Ага ылайык, документ экспортко кеткен айрым чыгымдар - логистика, эл аралык стандарттарды киргизүү, чет өлкөлүк көргөзмөлөргө катышуу сыяктуу багыттар боюнча компенсация берүүгө багытталып, анын натыйжасында келишимдер түзүлдү.
Катышуучулар токтом боюнча бир катар сунуштарды айтышты. Алар Кыргызстандын продукциясынын дүйнөлүк рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга негиз боло алат.