Жарыяланган
2025-17-07, 12:24Улуттук банк 2025-жылдын 9-июлунда №2025-Т-14/33-2-(ТК) токтомду бекитти. Ага ылайык, банктар жана төлөм уюмдары өздөрүнүн санариптик кызматтарын мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жеткиликтүү кылууга милдеттендирилди.
Токтомдо айтылгандай, рыноктун бардык катышуучулары - коммерциялык банктардан тартып төлөм терминалдарына чейин - белгиленген мөөнөттө мобилдик тиркемелерин, банкоматтарын жана башка алыстан көрсөтүлүүчү кызматтарын жеткиликтүү кылып өзгөртүүгө тийиш.
Бул токтом каржы системасында инклюзивдүүлүктү кеңейтүүгө багытталган жана бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтынын «Банк мыйзамдары» бөлүмүндө жарыяланды.