Жарыяланган
2025-17-07, 13:01КРнын Айыл чарба министрлигинде Балык чарба департаментинин 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча жыйын өттү. Алты ай ичинде өлкөдө 5 миң 645 тоннадан ашык товардык балык өстүрүлүп, 188,5 тоннасы экспорттолду. Ошондой эле балыктын жасалма көбөйтүлүшү боюнча божомол бекитилип,балык иштерине уруксаат берилди.
Эл аралык кызматташтыктын алкагында Корея Республикасы, ФАО жана TIKA менен биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда. Өзгөн шаарында жылына 15 миллион чабак чыгара турган инкубациялык цехтин курулушу аяктады. Айрыкча форель багууга жана суу маданиятын туруктуу өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Мындан тышкары, балык уулоо үчүн билеттердин системасы киргизилди -жарым жыл ичинде 2,88 миллион сомго билеттер сатылды. Министр Бакыт Төрөбаев өндүрүш менен экспорттун көлөмүн көбөйтүүнү, «Кыргыз форели» брендин өнүктүрүүнү жана балык чарбачылыгына ылайыктуу суу сактагычтар фондун түзүүнү тапшырды.