Жарыяланган
2025-07-06, 09:012025-жылдын биринчи чейрегинде Кыргызстан 166 тонна пияз жана сарымсак (чеснок) экспорттоду – бул былтыркы жылдын үч айына караганда дээрлик 50 эсе аз. Анда Кыргызстан чет жакка 8 миң 209.1 тонна саткан. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
2024-жылы үч айда пияз менен сарымсактын көбү Пакистан (2 миң 234 тонна), Өзбекстан (3 миң 825 тонна), Россия (601 тонна) жана Иракка (575 тонна) экспорттолгон. Ал эми быйылкысында экспорт кескин азайган же такыр эле токтогон.
2025-жылы Өзбекстан 110.9 тонна, Россия 16.4 тонна жана Казакстан 16.6 тонна гана сатып алган.
Ошондой эле учурда пияз менен сарымсак алгач ирет Грузия (22 тонна) менен Монголияга (100 кг) экспорттолгон.