
Жарыяланган
2026-19-10, 09:33Өзгөн шаарында тогуз көчөнү асфальттоо үчүн жалпы 30 млн 120 миң 899 сом каралууда. Жолдорду оңдоо иштери келишим түзүлгөндөн кийин 30 күндүн ичинде бүткөрүлүшү керек. Бирок аткарылган иштер үчүн төлөм 2027-жылга жылдырылышы мүмкүн.
Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган маалыматта айтылат. Өзгөн шаарынын коммуналдык менчикти башкаруу департаменти 19-октябрда эки тендер жарыялаган.
Биринчи тендерге 14 млн 576 миң 849 сом каралган. Анын алкагында Фузулий, Жаңы Мектеп, Чыңгыз Айтматов, Гапиров жана Уйгур көчөлөрү асфальтталат. Сунуштар 26-октябрга чейин кабыл алынат.
Экинчи тендердин суммасы 15 млн 544 миң 50 сомду түзөт. Бул каражатка Токсонбаев, Беруний, Лутфулин жана Дзержинский көчөлөрүн асфальттоо пландалууда. Сунуштарды кабыл алуу 23-октябрда аяктайт.
Тендердин шарттарына ылайык, подрядчы компаниялар иштерди өз каражатына баштап, белгиленген мөөнөттө бүтүрүүгө милдеттүү. Ал эми төлөм иштер кабыл алынгандан кийин жүргүзүлөт жана 2027-жылдын 30-декабрына чейин кечиктирилиши мүмкүн.
Ошондой эле аткарылган иштерге үч жылдык кепилдик каралган.



