Akchabarsearch
Өзгөндө аламан улактан кийин уюштуруучуга 5 миң 500 сом айып пул салынды

Жарыяланган

2026-09-02, 14:59

Өзгөндө аламан улактан кийин уюштуруучуга 5 миң 500 сом айып пул салынды

Өзгөн районунда өткөн аламан улактан кийин аймакта таштандылардын чар жайыт ташталгандыгы боюнча фактылар катталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун Баш-Дөбө жана Төрт-Көл айыл өкмөттөрүнө калдыктарды тазалоо иш-чараларын уюштуруу боюнча расмий каттар жолдонду.

Мындан тышкары, аламан улакты уюштуруучулардын бири Жаныш Ниязовго 5 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Учурда уюштуруучулар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар тарабынан аймакты таштандылардан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.


Тектеш материалды окуу