
Жарыяланган
2026-12-06, 11:40Өзгөн шаарындагы Манас көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы аймакты көрктөндүрүү жана аллея куруу боюнча долбоор ишке ашырылат.
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, долбоордун жалпы баасы 15 млн 159 миң 656 сомду түзөт. Тапшырыкчы — Өзгөн шаарынын коммуналдык менчикти башкаруу департаменти.
Көрктөндүрүү иштери тендердик келишим түзүлгөндөн кийин 40 күндүн ичинде аткарылышы керек.
Тендерге катышуучуларда ушуга окшош кеминде бир долбоорду аткарган тажрыйба, керектүү адистер, лицензия жана техникалык ресурстар болушу талап кылынат. Ошондой эле катышуучу тастыкташы керек.
Долбоор боюнча алдын ала төлөм каралган эмес. Иш толугу менен кабыл алынгандан кийин 100% төлөм жүргүзүлөт.



