
Жарыяланган
2026-16-10, 17:53Кыргызстанда зооттолгон "ИЛБИРС" унаалары чыгарыла баштады. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, аталган унааларды «С.М. ИЛБИРС» жеке компаниясы кураштырып чыгарууда. Алар бир гана аскердик техниканы гана эмес, зоотолгон жарандык унааларды, автобустарды, тез жардам унааларын, инкассатордук жана башка атайын унааларды кураштырып, чыгарат.
2023-жылы февралда Чек ара кызматы Абу-Дабидеги аскердик техника жана курал-жарактардын көзгөзмөсүндө Бириккен Араб Эмираттарындагы зоотолгон жана башка атайын техника чыгарган INKAS компаниясы менен Кыргызстанда зооттолгон техника чыгаруу боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы менен зооттолгон унааларды чогулутуп, чыгаруу боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашыруу макулдашылган.
Ошол эле май айында «С.М. ИЛБИРС» менен INKAS VEHICLES DMMC компаниясы өнөктөштүк туурадуу макулдашууга кол койгон. Ага ылайык INKAS VEHICLES DMMC кыргызстандык компанияга зооттолгон унааларды чыгаруу технологиясын өткөрүп берип, адистерди окутары каралган.
Унааларды чыгарууда заманбап технологиялар колдонулат.



