Akchabarsearch
«Талас Арена» стадиону 2-ноябрда ачылат

Жарыяланган

2026-16-10, 14:57

«Талас Арена» стадиону 2-ноябрда ачылат

Талас шаарында оңдоп-түзөөдөн өткөн «Талас Арена» стадиону 2-ноябрда ачылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Аталган стадион 5 миңден ашык көрүүчүгө ылайыкталган. Комплексте көк майсаң төшөлгөн негизги оюн талаасы, чуркаганга жол, машыгуу жана кичи оюн аянтчалары, спортчулар үчүн керектүү жайлар каралган.

Ачылыш күнү стадиондо Жогорку лиганын 29-турунун алкагында «Талант» жана «Азия» футбол клубдарынын беттеши өтөт.


Тектеш материалды окуу