Akchabarsearch
Эл баалар өсөт деп кооптонууда: бул инфляцияга таасир этеби?

Жарыяланган

2026-06-05, 14:06

Эл баалар өсөт деп кооптонууда: бул инфляцияга таасир этеби?

Кыргызстанда инфляциянын өсүшү бир аз жайлап жатканына карабастан, эл баалар дагы өсөт деп божомолдоп жатышат. Бул көрүнүш 2026-жылы баалардын өзгөрүшүнө таасир этиши мүмкүн.

Расмий маалыматтарга таянсак, 2025-жылдын төртүнчү кварталында инфляция 9.3%га жеткен. Бул көрсөткүч мурунку жылдын аякы кварталында 8.9%ды , декабрда 9.4%ды түзгөн. Бул жерде негизги өзгөрүү баалардын өзүндө эмес, элдин баалар дагы өсөт деп күтүп жатканында болууда.

Бирок бул маселеде ишкерлер менен калктын пикири эки башка болууда. Ишкерлер баалардын кескин көтөрүлүп кетет деп кооптонушпайт. 

Ал эми Улуттук статистика комитетинин жана Дүйнөлүк банктын жүргүзгөн сурамжылоосуна ылайык, эл арасында жакынкы бир жылда баалар тез өсөт дегендердин саны көп. Бирок дал ушул калктын "баа өсөт" деген кооптонуусу реалдуу суроо-талапты жогорулатып, жыйынтыгында баалардын чын эле көтөрүлүшүнө алып келиши мүмкүн.

Элдин мындай божомолуна былтыркы бир нече фактор себеп болду. Алардын катарында дүйнөлүк рыноктогу туруксуздук, транспорт чыгымдарынын өсүшү, коммуналдык кызматтарга тарифтердин көтөрүлүшү жана калктын кирешесинин көбөйүшү бар. 

Ошондой эле, 2026-жылдан баштап коомдук тамактануу жайларында тейлөө акысын алууга тыюу салынгандыктан, ишкерлер чыгымдарын жабуу үчүн бааларды алдын ала көтөрө башташкан.

2026-жылдын март айында Кыргызстанда инфляция 11%га жетти. Бул Улуттук банк белгилеген 5–7%дык максаттуу көрсөткүчтөн жогору.

 


Тектеш материалды окуу