Жарыяланган
2025-05-09, 14:39Ушул жылдын экинчи чейрегинде Кыргызстанда инфляция 7.7%га чейин жогорулады. Ал эми, инфляция жылдык көрсөткүч менен 8%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын отчётунда айтылат.
Баалардын өсүшү тышкы жана ички факторлор — мунайга жана азык - түлүккө дүйнөлүк баалардын туруксуздугу, геосаясий чыңалуунун күчөшү жана алдыңкы өлкөлөрдүн соода саясатынын өзгөрүшү, ошондой эле электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди кайра кароо, эмгек акынын өсүшү, мамлекеттик чыгымдарды кеңейтүү жана кредиттөө көлөмдөрүнүн көбөйүшү менен шартталган.
Быйыл июнда азык-түлүк инфляциясы жылдык мааниде 10.2%ды түзгөн.
Эт менен мөмө-жемиштер кымбаттап, тиешелүүлүгүнө жараша 17.2% жана 22.3% түздү. Жаңы түшүм жыйналгандыгына байланыштуу июнь айында жашылча-жемиштердин баасынын өсүшү басаңдап, жылдык көрсөткүч 35.4% болду.
Ал эми азык-түлүк эмес товарлардын баасы июнь айында 5.5%га, кызмат көрсөтүүлөр 5,6%га жогорулады.