Akchabarsearch
Кыргызстан 2027-жылы инфляцияны Борбор Азиядагы эң төмөнкү деңгээлге түшүрүүнү пландоодо

Жарыяланган

2026-20-10, 09:54

Кыргызстан 2027-жылы инфляцияны Борбор Азиядагы эң төмөнкү деңгээлге түшүрүүнү пландоодо

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тарта инфляцияны ооздуктоо боюнча мамлекеттик программа иштей баштайт. Бийлик жыл аягына чейин өлкөдөгү инфляцияны Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү деңгээлге түшүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

"Кудай буюрса 2027-жылдын жыйынтыгын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча инфляцияны эң төмөнкү көрсөткүч менен жабабыз деген үмүтүбүз чоң",- деп жазды ал.

Улуттук банк жакынкы жылдары инфляцияны 5–7% деңгээлинде кармоону көздөөдө. Ал эми Министрлер кабинетинин 2026–2027-жылдарга карата планында баалардын өсүшүн 7%дан ашырбоо каралган.

Бирок азырынча баалардын өсүшү белгиленген чектен жогору бойдон калууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь–сентябрь айларында керектөө баалары 2025-жылдын декабрына салыштырмалуу 8.1%га өскөн. Ал эми тогуз айдагы орточо жылдык инфляция 11%ды түзгөн. Баалардын өсүшүнө негизинен азык-түлүк товарлары менен кызмат көрсөтүүлөрдүн кымбатташы таасир эткен.

Буга чейин Министрлер кабинети 2026–2027-жылдары бааларды турукташтыруу боюнча иш-чаралар планын сунуштаган. Анда өлкөдө эт өндүрүүнү көбөйтүү, дыйкандарды колдоо, кампаларды өнүктүрүү, ички рынокту буудай менен камсыз кылуу жана айыл чарба продукциясын сатууда ортомчулардын санын кыскартуу каралган.

Бул иш-чараларды ишке ашырууга жалпы 36.6 млрд сом бөлүү пландалган.


Тектеш материалды окуу