Жарыяланган
2025-26-05, 15:54«Элдик Банк» Кыргыз Республикасынын электрондук соода жана бизнестин санариптик трансформациясына арналган маанилүү иш-чара — биринчи Улуттук маркетплейстер форумунун башкы өнөктөшү болду.
Форумдагы негизги окуялардын бири катары банк жаңы ElPost маркетплейс платформасын расмий түрдө тааныштырды. Бул онлайн-платформа кичи жана орто бизнести колдоо максатында иштелип чыгып, электрондук соода үчүн комплекстүү экосистеманы сунуштайт: товарларды сатуу, жеткирүү, онлайн төлөмдөр, жарнак куралдары, ошондой эле банктык жана аналитикалык чечимдер.
— ElPost — бул сатуучулар менен сатып алуучуларды бириктирген заманбап санариптик платформа болуп, дүйнөлүк рынокторго жол ачат. Бул долбоор Кыргызстанда электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө көмөктөшөт, — деп белгиледи «Элдик Банк» ААКнын Башкармалыгынын Төрагасы Ногаев Уланбек.
ElPost — бул Элдик Банктын бизнес-процесстерди жөнөкөйлөтүп, өлкө боюнча ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейткен заманбап санариптик продуктыларды түзүү багытындагы маанилүү кадамы.
Мындай демилгелерге активдүү катышуу аркылуу «Элдик Банк» Кыргызстандын санариптик экономикасын өнүктүрүүгө кошкон стратегиялык салымын жана бизнес үчүн туруктуу өсүшкө багытталган технологиялык чечимдерди колдоо умтулуусун дагы бир жолу тастыктады.
9111
Улуттук банк тарабынан берилген лицензия №033