Жарыяланган
2025-27-05, 08:20Министрлер кабинети индустриалдык парктар тууралуу жобону бекитти. Ал — парктарга, башкаруучу компанияларга жана резиденттерге талаптарды белгилеген документ.
Токтом боюнча, индустриалдык парк үчүн жерлерди жер мыйзамдарына ылайык башкаруучу компания бөлүп берет. Ошол эле компания "Инвестициялар жөнүндө" мыйзамга ылайык өкмөт менен келишим түзөт.
Каржылоо республикалык бюджеттен быйылкы жана келерки жылдар үчүн каралган. Ал эми индустриалдык парктын резиденттеринин иши башкаруучу компания менен түзүлгөн келишим менен тескелет.