Akchabarsearch
Электр энергияны керектөө рекорддук деңгээлге чыкты

Жарыяланган

2026-30-06, 12:40

Электр энергияны керектөө рекорддук деңгээлге чыкты

Кечээ, 29-июнда Кыргызстанда электр энергияны керектөө рекорддук деңгээлге чыкты. Бул тууралуу Кыргызстан улуттук электр тармагы билдирди. 

Кечээ өлкөдө бир күндө 47 млн 112 миң кВт/саат электр энергия колдонулган.

“Бул — тарыхтагы жай мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч! Салыштыра турган болсок, былтыр 2025-жылдын 29-июнунда бул көрсөткүч 40 млн кВт/сааттын тегерегинде болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган мекеме өлкөдө жаңы көп кабат үйлөр салынып, жаңы ишканалар пайдаланууга берилип, жыл сайын абоненттердин саны 30 миңге көбөйүп жатканын, ага жараша электр энергияны керектөө да өсүп жатканын белгилейт. 

Учурда өлкөнүн энергосистемасы штаттык режимде иштеп жатат.


Тектеш материалды окуу