Akchabarsearch
Кыргызстанда бизнеске кошумча эсептелген салыктарды төлөө үчүн үч эсе көп убакыт берилет

Жарыяланган

2026-30-06, 11:22

Кыргызстанда бизнеске кошумча эсептелген салыктарды төлөө үчүн үч эсе көп убакыт берилет

Кыргызстанда ишкерлерге салыктык текшерүүдөн кийин кошумча эсептелген салыктарды, туумдарды жана салыктык санкцияларды өз ыктыяры менен төлөө мөөнөтү үч эсеге узартылды. Эми бул үчүн 30 күндүн ордуна 90 календардык күн берилет.

Тиешелүү өзгөртүүлөр «Кыргыз Республикасынын салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга киргизилип, аны Жогорку Кеңеш 25-июнда кабыл алды.

Мыйзам президенттин салык системасын жана салыктык башкарууну өркүндөтүү тууралуу жарлыгын ишке ашыруунун алкагында даярдалган.

Буга чейин салыктык текшерүү аяктагандан кийин ишкерлерге салык органынын чечимин өз ыктыяры менен аткарууга 30 күн берилчү. Жаңы өзгөртүү менен бул мөөнөт 90 календардык күнгө чейин узартылды.

Бул өзгөртүү ишкерлерге каржылык жактан жеңилдик берет. Анткени кошумча убакыт ишкерлерге салыктык милдеттенмелерин жүгүртүү каражаттарын шашылыш пайдаланбастан же насыя албастан аткарууга мүмкүнчүлүк берет.

 


Тектеш материалды окуу