Akchabarsearch
Кыргызстанда «Google салыгы» боюнча дагы үч компания катталды

Жарыяланган

2026-13-04, 18:20

Кыргызстанда «Google салыгы» боюнча дагы үч компания катталды

Кыргызстанда электрондук кызматтарга салык төлөгөн чет элдик компаниялардын саны өсүүдө. Салык кызматынын маалыматына ылайык, «Google салыгын» төлөөчүлөрдүн реестрине АКШдан «Северо-Западный Центр», Superbullet LLC жана Болгариядан TRACTIA EOOD компаниялары кошулду.

Жаңы кошулган бул уюмдар менен бирге өлкөдө каттоодон өткөн чет элдик компаниялардын жалпы саны 82ге жетти.

Мындай өсүштүн натыйжасында, 2026-жылдын алгачкы эки айында бюджетке түшкөн салыктын көлөмү былтыркы 260.9 миллион сомго салыштырмалуу 40%га көбөйүп, 369.3 миллион сомду түздү.
 


Тектеш материалды окуу