Akchabarsearch
Салыкчылар “Кыргызалтындын” 7.3 млн сомдук салык карызын аныкташты

Жарыяланган

2026-16-06, 11:47

Салыкчылар “Кыргызалтындын” 7.3 млн сомдук салык карызын аныкташты

Салыктык текшерүүнүн жыйынтыгында “Кыргызалтын” ишканасына 7.3 млн сом кошумча төлөмдөр эсептелген. Бул тууралуу компаниянын каржылык отчетунда айтылат.

Текшерүү 2025-жылы жүргүзүлүп, 2022-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки үч жылдык мезгилди камтыган. Бул аралыкта салык мыйзамдарынын, салыктык эмес кирешелер боюнча эрежелердин жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу талаптарынын аткарылышы текшерилген.

Жыйынтыгында жалпы 7 млн 275 миң сом кошумча салык жана милдеттүү төлөмдөр эсептелген.

Компания бул жагдайды мыйзамдардын тез-тез өзгөрүшү, расмий түшүндүрмөлөрдүн ар түрдүү чечмелениши жана кээде соттук чечимдердин бири-бирине дал келбеши менен байланыштырган. Мындай абал бизнес үчүн кошумча салыктык тобокелдиктерди жаратат деп белгиленген.

Отчетто айтылгандай, компания бардык талаптарды ак ниеттүү аткарса да, мамлекеттик органдар мыйзамды ар башкача түшүндүрүшү мүмкүн. Бул компаниялардын каржылык абалына олуттуу таасир этет.

Ошого карабастан, «Кыргызалтындын» жетекчилиги бардык салыктык милдеттенмелер толук жана өз убагында аткарылганын билдирген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда салык органдары мыйзам бузуу болгон деп эсептелген учурдан тартып 6 жыл ичинде кошумча салык, айып пул жана башка санкцияларды талап кыла алат.
 


Тектеш материалды окуу