
Жарыяланган
2026-06-02, 13:092025-жылы жалпы 391.8 млрд сом салык жыйналып, план 8.2 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Салык кызматынын жылдык коллегиясында билдирди.
Анын айтымында, акыркы жылдары санариптештирүү жана салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүү бюджеттин өсүшүнө шарт түздү. Натыйжада өлкөнүн ИДПсы 2020-жылдагы 8.3 млрд доллардан 2025-жылы 22.6 млрд долларга жетти.
Касымалиев салыктык түшүүлөр 4 эсеге, бажы төлөмдөрү 6 эсеге көбөйгөнүн белгиледи. Курулуш, соода, тейлөө жана айыл чарбасында да өсүш байкалууда. Ошондой эле алтындын баасынын жогорулашынан улам, Кумтөрдөн түшкөн киреше 5 млрд доллардан ашты.
Ал социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу негизги милдеттердин бири экенин айтып, бул иште Салык кызматынын ролу чоң экенин баса белгиледи.
Ошол эле учурда ал салыктык карыздардын жана ашыкча төлөнгөн салыктардын көбөйүп жатышына көңүл буруп, бул маселелерди тез арада чечүүнү тапшырды. Ошондой эле “Салык күзөт” маалыматтык системасын жакын арада ишке киргизүү керектигин айтты.



