
Жарыяланган
2026-10-04, 15:43Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде, Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында полимер түтүктөрүн өндүрүүчү “Эл Пласт” ишканасына барды.
Ишкананын жылдык өндүрүш көлөмү 15 миң тоннага чейин жетет. Бул жерде чыгарылган түтүктөр негизинен “Таза суу” долбоорунун алкагында курулуп жаткан объектилерге, ошондой эле мамлекеттик мекемелерге жана эл аралык уюмдарга колдонулат.
Өндүрүштө Россия, Иран жана Кытайдан алынып келинген полиэтилен гранулалары колдонулат. Ишканада суу түтүктөрүн жана канализация системаларын чыгарууга мүмкүнчүлүк берген заманбап жабдуулар орнотулган.
2025-жылдын январынан 2026-жылдын январь айына чейин ишкана 900 млн сомдон ашык продукция өндүрүп саткан. Ошондой эле 100 млн сомдун тегерегинде салык төлөгөн.
Президент ата мекендик өндүрүштү колдоо маанилүү экенин белгилеп, ички рынокту сапаттуу товар менен камсыз кылган ишканаларды өнүктүрүү керектигин айтты.



