Akchabarsearch
Ош шаарындагы мектепке 750 орундуу кошумча корпус курулууда

Жарыяланган

2026-30-04, 13:34

Ош шаарындагы мектепке 750 орундуу кошумча корпус курулууда

Ош шаарындагы Ж. Бөкөнбаев атындагы мектепке 750 орундуу кошумча корпус курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Учурда мектепте 2 миңден ашык окуучу билим алууда. Балдардын саны көп болгондуктан, орун тартыштыгы жаралып, билим берүү процессинде кыйынчылыктар болуп келген. Эми бир жыл ичинде бул көйгөй чечилет.

Жаңы корпустун аянты 8 миң 943 чарчы метрди түзөт. Азыркы учурда пайдубалын куюу иштери аяктап калды.

Мектепте заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы, компьютердик класстар жана бардык шарттары каралган спорттук зал болот.

Курулуп жаткан кошумча корпус пайдаланууга берилсе, эки нөөмөт менен 1 миң 500дөн ашык окуучуга билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

 


Тектеш материалды окуу