
Жарыяланган
2026-25-05, 15:39Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы №7 “Төрөгелди” атындагы башталгыч мектеп капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Бул үчүн 10.9 млн сомдук тендер жарыяланды.
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, тендерди Эргеш Алиев айыл аймагынын айыл өкмөтү жарыялаган. Подрядчылардан арыздар 28-майга чейин кабыл алынат.
Долбоор боюнча мектеп имаратын капиталдык оңдоо иштери 60 календардык күндүн ичинде бүткөрүлүшү керек.
Тендердин шарттарына ылайык, катышуучу компаниялар 2024–2025-жылдары ушул сыяктуу курулуш иштерин аткарган тажрыйбасын тастыкташы зарыл. Ошондой эле курулуш лицензиясы, инженердик адистери жана салык менен соцтөлөмдөр боюнча карызы жок экенин көрсөткөн документтер талап кылынат.
Мындан тышкары, подрядчылардан 10.9 млн сомдон кем эмес суммадагы окшош долбоорлорду аткарганын ырастаган келишимдер жана объектти эксплуатацияга берүү актылары талап кылынат.
Маалыматка ылайык, долбоор боюнча алдын ала төлөм каралган эмес.



