
Жарыяланган
2026-19-03, 16:35Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз курулуп жаткан соода борбордун курулушу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан курулуш объекттерине пландан тышкары текшерүү жүргүзүлүп, курулуш ченемдеринин сакталышы жана объекттердин мыйзамдуулугу каралган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Манас шаарындагы Б. Аттокуров көчөсүндө жайгашкан үч кабаттуу соода борборунун курулушу тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жатканы аныкталган. Мындан улам курулуш-монтаждоо иштери толугу менен токтотулуп, объекттин курулуш аянты мөөр басылып жабылды.
Ошондой эле “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык, буйрутмачы А. Исмаиловго айып пул салынды. Мындан тышкары мыйзам бузууларды жоюу максатында жазуу түрүндө эскертүү берилип, долбоордук документтерге мамлекеттик экспертизанын оң корутундусун алуу жана объектти тиешелүү тартипте реестрге каттоо талабы коюлду.
Буга чейин башкармалык курулуш иштерин мыйзам чегинде жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн эскерткен.



