Akchabarsearch
Жалал-Абад: Кара-Булак айылында дээрлик 100 млн сомго мектеп салынды
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-06-08, 17:50

Жалал-Абад: Кара-Булак айылында дээрлик 100 млн сомго мектеп салынды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Булак айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулду. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 99 миллион сомду түздү.

Мектептин курулушу 2025-жылы башталган. Бүгүнкү күндө эки кабаттуу имараттын курулушу толугу менен аяктап, айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 1281 чарчы метрди түзгөн заманбап мектеп курулду. Анда окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, эмгек кабинеттер, дарыгердин бөлмөсү жана бардык шарттары менен жабдылган спорт залы каралган.

Мектепти жаңы окуу жылынын башталышы менен пайдаланууга берүү пландалууда. 
 


Тектеш материалды окуу