Akchabarsearch
Ош шаарындагы Ак-Буура жаңы конушуна 800 орундуу мектеп салынып жатат

Жарыяланган

2026-14-05, 14:04

Ош шаарындагы Ак-Буура жаңы конушуна 800 орундуу мектеп салынып жатат

Ош шаарындагы Ак-Буура жаңы конушуна 800 орундуу заманбап мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Долбоор мамлекеттик казынанын эсебинен ишке ашырылып, курулушту жыл аягына чейин толук бүткөрүү пландалууда.

Башкы планга ылайык, мектептин жалпы аянты 8 миң 339 чарчы метрди түзүп, имарат 3 кабаттуу жана 5 блоктон турат.

Аткарылып жаткан иштердин ар бир этабы тиешелүү департаменттер тарабынан текшерилип, сапатына көзөмөл жүргүзүлүүдө.

 


Тектеш материалды окуу