
Жарыяланган
2026-13-05, 10:48Ош шаарында эскилиги жетип, кооптуу абалда турган жатакана тибиндеги үйлөрдүн ордуна жаңы үйлөр курулушу мүмкүн. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Шаардын аймактык башкармалыгында өткөн жыйында тургундар ал үйлөрдү оңдоп же бузуп, ордуна муниципалдык ипотекалык компания жаңы үй куруп берүүсүн суранышкан.
Жыйындан кийин мэр Жанарбек Акаев Урицкий көчөсүндөгү №4 жана №6 жатакана үйлөрүнө барып, абал менен жеринен таанышты.
Мэр эгер бардык жашоочулар макул болсо, мэриянын кепилдиги менен жеке компаниялар аркылуу жаңы үйлөрдү куруу мүмкүнчүлүгү караларын айтты. Бул маселе жакынкы күндөрү толук каралып, чечим кабыл алынары белгиленди.
Жолугушуудан кийин мэр үйдүн абалы чындап эле начар экенин белгилеп, тургундардын өтүнүчү эске алынарын кошумчалады.


