Akchabarsearch
Ректор КММА:Башка жогорку окуу жайларга караганда Мед академиянын контрагы төмөн

Жарыяланган

2025-24-09, 16:11

Ректор КММА:Башка жогорку окуу жайларга караганда Мед академиянын контрагы төмөн

Кыргыз мамлекеттик медициналык академияда контракттын баалары башка жогорку окуу жайларга караганда төмөн. Бул тууралуу академиянын ректору Индира Кудайбергенова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, дарылоо факультетинде контракттын суммасы 90 миң сом, стоматология факультетинде – 110 миң сом, педиатрия факультетинде – 90 миң сомду түзөт.

Бюджеттик окууга жыл сайын 250-300 орун бөлүнөт. Ректор бул орундарды көбөйтүү пландары бар экенин билдирди.

«Бул үчүн Саламаттык сактоо министрлиги өз сунуштарын бериш керек, ал эми академия өзү да чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул боюнча иштер жүргүзүлүп жатат», — деди Кудайбергенова.

Ошондой эле, жатакана маселеси боюнча, ал аталган министрликке имарат таап берүү үчүн арыз жазган. Имарат бөлүнүп берилсе академия өз каражатына оңдоо иштерин жүргүзөт.
 


Тектеш материалды окуу