
Жарыяланган
2026-30-06, 12:16Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 65 миллион сомго бааланган жер тилкелер толугу менен мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык , прокуратура тарабынан текшерүүдө Улахол, Ак-Терек жана Күн-Чыгыш айыл аймактарына караштуу жалпы 47.84 га айыл чарба багытындагы жер тилкелери 2006-2008-жылдар аралыгында жеке жактардын менчигине мыйзамсыз өтүп кеткендиги аныкталган.
Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында 65 миллион сомго бааланган жер тилкелери толугу менен мамлекеттин менчигине кайтарылды.



