
Жарыяланган
2026-15-06, 17:40Кочкор районунда базар баасы 30 млн 500 миң сомду түзгөн 30 гектар сугат айдоо жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Кочкор райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Чолпон айыл аймагындагы «Эрсары-Шайтан-Кашар» участогунда жайгашкан 30 гектар жер тилкеси 1996-жылы мыйзам талаптары бузулуп, жеке дыйкан чарбасына 99 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилип кеткендиги аныкталган.
Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жана соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында жерди пайдаланууга берүү боюнча укук аныктоочу актылар жараксыз деп табылган.
Натыйжада базар баасы 30,5 млн сомду түзгөн 30 гектар сугат айдоо жер тилкеси Чолпон айыл аймагынын менчигине кайтарылды.



