
Жарыяланган
2025-10-10, 14:41Нарын облусунун Кочкор районунда 40 млн сомго Юстиция министрлигинин жаңы имараты курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жатат.
Жалпы аянты 748 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат бардык шарттары менен салынууда.
Объекттин курулуш иштерин “Монолит RG” ЖЧКсы аткарып, азыркы тапта имараттын чатырын жабуу этабына жетти.



