
Жарыяланган
2025-08-09, 14:312026-жылы Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарында жаңы административдик имаратты курууну улантат. Бюджеттен курулушка 917 млн сом бөлүнөт, бул ведомствонун эң ири чыгымдарынын бири болуп саналат.
Долбоор 2024-жылдын 7-июнунда капсула салуу аземи менен башталган. Ошол кездеги Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров салыкчыларга заманбап имарат керек экенин белгилеген.
Жети кабаттуу, 21 миң чарчы метрден ашык аянттагы заманбап имарат «С» тамгасындагы формада болот. Бул тамга бир нече маанини билдирет: улуттук валюта — сомдун белгиси, «Салык» сөзүнүн баш тамгасы жана ошол эле учурда туруктуулуктун символу болгон тыйындардын топтому.
Ичине борбордук аппарат, аналитикалык жана кырдаалдык борборлор, дата-борбор жайгашат. Биринчи кабатта салык төлөөчүлөрдү тейлөө борбору иштейт. Ошондой эле, музей, IT-залдар, конференц-залдар, ашкана, пресс-борбор жана жер астындагы унаа токтоочу жай каралган.
Кызматкерлердин эмгегин стимулдаштыруу үчүн 820.2 млн сомдук кошумча төлөмдөр каралган. Мындан тышкары, Сокулук, Талас, Ала-Бука, Ош, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Кеминдеги бөлүмдөрдү оңдоого 56.6 млн сом бөлүнөт.
Штаттын көбөйүшүнө байланыштуу 27.3 млн сом компьютерлерди, принтерлерди жана планшеттерди сатып алууга жумшалат.



