Akchabarsearch
Соцфонддун Манас райондук башкармалыгы үчүн 17 млн сомго эки кабаттуу имарат курулат

Жарыяланган

2025-09-12, 17:01

Соцфонддун Манас райондук башкармалыгы үчүн 17 млн сомго эки кабаттуу имарат курулат

Социалдык фонддун Манас райондук башкармалыгы үчүн эки кабаттуу имарат курулат. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында пайда болду.

Тендерди Соцфонддун Манас районундагы бөлүмү жарыялаган. Анын пландалган суммасы 17 млн сомдон ашат.

Тендерди уткан компания имаратты келишим түзүлгөндөн кийин, 2026-жылдын 15-июлуна чейин бүтүрүшү керек.

Тиешелүү арыздарды кабыл алуу 23-декабрда аяктайт.

 


Тектеш материалды окуу