Akchabarsearch
Түп районунда Архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Жарыяланган

2025-07-10, 15:12

Түп районунда Архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Ысык-Көл облусунун Түп районунда Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Министр Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында анын ачылыш аземине катышты.

Жалпы 288 чарчы метрди ээлеген имаратта жети кабинет, жыйындар жана күтүү залы, техникалык бөлмө бар. Ал заманбап стандарттарга ылайык курулуп, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар, жарандар үчүн жеткиликтүү кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн.

Белгилей кетсек, жаңы административдик имараттар мамлекеттик бюджеттен эмес, министрликтин ички ресурстары менен курулууда. Учурда өлкө боюнча ондогон жаңы имараттар салынып жатат.

 


Тектеш материалды окуу