
Жарыяланган
2026-11-05, 11:14Кочкор районунда 3 кабаттуу, эки корпустан турган оорукана курулууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Башкы планга ылайык, оорукананын жалпы аянты 6 миң 661 чарчы метрди түзөт.
Имаратта 40ка жакын бейтап палатасы, дарыгерлердин бөлмөлөрү, төрөт бөлүмү, операциялык блок, биохимиялык лаборатория, реанимация бөлүмү, стерилдөө бөлмөсү, жыйындар залы жана ашкана каралган. Ошондой эле имаратка лифт орнотулат.
Курулуш-монтаждоо иштерин “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүп жатат.



