
Жарыяланган
2026-17-06, 11:52Сокулук районунда аянты 20 гектар болгон жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызмат тарабынан сотко чейинки текшерүүнүн алкагында Сокулук айыл өкмөтүндө 20 га жер белгисиз адамдардын пайдалануусунда болуп келгени аныкталган.
Ошол эле учурда аталган жер тилкеси 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик каттоо органдарынын маалымат базаларында катталбаганы аныкталган. Бул жер үчүн ижара акысы төлөнгөн эмес.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында жалпы аянты 20 гектар болгон жер үлүштөрү мамлекеттин балансына кайтарылды.



