
Жарыяланган
2026-29-06, 18:00Кыргызстанга быйылкы жылдын эсебинен бажы алымысыз ташып келүүгө боло турган электр унаалардын саны белгиленген чекке жакындап калды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын билдиришти.
Аталган мекеме билдиргендей, быйыл Кыргызстанга 15 миң электр унааны бажы алымы жок ташып келүүгө квота берилген. Квота түгөнгөндөн кийин ташып келинген ар бир электр унаадан 15% бажы алымы алына баштайт.
Мекеменин сайтындагы маалыматка ылайык, 29-июнга карата өлкөгө 13 миң 781 электр унаа бажы алымы жок ташып келинди. Дагы 1 миң 219 унааны бажы аламысыз алып келүүгө болот.
Канча квота калганын Бажы кызматынын сайтынан көрүүгө болот.



