Akchabarsearch
Кыргызстанда саякаттап жүргөндө MEGAдан туруктуу байланышты колдон

Жарыяланган

2026-29-06, 18:07

Кыргызстанда саякаттап жүргөндө MEGAдан туруктуу байланышты колдон

Жай – саякаттын, жаңы ачылыштардын жана унутулгус таасирлердин мезгили.

Кыргызстандын тоолоруна, бийик тоолуу көлдөрүнө же кооз капчыгайларына сапарга чыгарда туруктуу байланыштын болоруна ынануу маанилүү. Анткени бүгүнкү күндө мобилдик байланыш жакындарыңызга чалуу мүмкүнчүлүгү гана эмес, ошондой эле багыттамага, онлайн-карталарга, мессенджерлерге жана керектүү маалыматка каалаган убакта жетүүнүн кепилдиги болуп саналат.

MEGA улуттук уюлдук байланыш оператору өлкө боюнча өз тармагын өнүктүрүүнү жана модернизациялоону улантуу менен Кыргызстандын популярдуу туристтик жерлеринде туруктуу жана ишенимдүү байланышты камсыз кылууда.

Мындай жерлердин бири - Нарын аймагынын бермети болгон, жыл сайын миңдеген туристтерди өзүнө тарткан, бийик тоолуу Соң-Көл көлү. Күчтүү сигнал сизге кең жайлоолордун арасында эс алып жүргөндө да байланышта болууга мүмкүнчүлүк берет.

Ишенимдүү байланыш өлкөбүздүн эң кооз жана жетүүгө татаал жерлеринин бири болгон Кел-Суу көлүнө алып баруучу каттамда да жеткиликтүү. Бул кереметтүү жай активдүү эс алууну жана саякаттоону сүйгөндөрдү өзүнө тартып келет.

Кыргызстандын түштүк аймагында MEGA тармагы экотуризм жана ачык асман алдындагы эс алуу үчүн популярдуу жерлер болгон Сары-Челек биосфералык коругунда жана Падыша-Ата жаратылыш коругунда жеткиликтүү.

Ысык-Көл аймагында саякаттап жүргөндөр үчүн Каркыра капчыгайында жана Ысык-Көлдүн айланасындагы туристтик маршрут боюнча туруктуу кызмат көрсөтүлөт. MEGA тармагы салттуу түрдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын мекени болуп калган Кырчын капчыгайында да иштейт. Бишкекке жакын жерде — Белогорка жана Ала-Арча капчыгайларында, ошондой эле Кемин районундагы Ак-Түз айылында да ишенимдүү байланыш жеткиликтүү. Ал эми өлкөнүн түштүгүндө — Ош облусунун Алай районундагы Чыйырчык ашуусунун аймагында да туруктуу байланыш камсыздалган.

Тармактын үзгүлтүксүз өнүгүшү MEGA абоненттерине Кыргызстан боюнча саякаттап жүргөндө өздөрүн ишенимдүү сезүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ишенимдүү байланыш аларга санариптик кызматтарды колдонууга, маршруттарды пландаштырууга, таасирлери менен реалдуу убакыт режиминде бөлүшүүгө, үй-бүлөсү жана достору менен ар дайым байланышта болууга жардам берет.

Кыргызстанды ишенимдүү байланыш менен кыдырыңыз — эң унутулгус көз ирмемдер жаралган жерде MEGA ар дайым жаныңызда.

КР МБА лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР
 


Тектеш материалды окуу